• Башкы бет
  • Ош шаарына туризм тармагын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк Банк тарабынан 6 млн. АКШ доллары бөлүндү
14:57, -ж., 28-февраль

Ош шаарына туризм тармагын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк Банк тарабынан 6 млн. АКШ доллары бөлүндү

Ош шаарына туризм тармагын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк Банк тарабынан 6 млн. АКШ доллары бөлүндү

Дүйнөлүк Банктын Ош областында жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун Байкоочу Кеңешинин отуруму өткөрүлүп, Ош шаарында төмөндөгү долбоорлорду ишке ашырууга макулдук берилди:

1. С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын айланасындагы муниципалдык жерлерге туристтик – архитектуралык инсталляцияларды куруу;

2. Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

3. Алишер Навои атындагы эс алуу паркынын бир бөлүгүнө эс алуучу аймак (зона) куруу;

4. Ош шаарынын борбордук аянтын реконструкциялоо;

5. Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн долбоорлоо жана куруу (2-этабы), (Нурматов көчөсүндөгү көпүрөдөн баштап А.Навои көчөсүндөгү “Достук” көпүрөсүнө чейин).

Жалпы туризм тармагын өнүктүрүүгө Ош шаарына каралган акча каражаты 6,0 млн. АКШ долларын түзөт. Долбоорлор Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү агенттиги (АРИС) аркылуу ишке ашырылат.

“Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун максаты болуп Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө туризм жана айыл чарба чөйрөсүндө максатка багытталган иш чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүнү күчөтүүдө жана Ош облусунун, Ош шаарынын институционалдык потенциалын көтөрүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоор аркылуу иш орундарын түзүүгө, жакырчылыкты кыскартууга шарт түзүп, айыл чарба продукцясынын кошумча нарк тутумун түзүү жана өнүктүрүү жана туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүп Ош облусунда жана Ош шаарында комплекстүү негизде экономикалык жана региондук өнүгүү колдоого алынат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...