• Башкы бет
  • Кайра шайлоо: Бишкектеги эки шайлоо округунан Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңип чыкты
14:53, -ж., 28-февраль

Кайра шайлоо: Бишкектеги эки шайлоо округунан Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңип чыкты

Кайра шайлоо: Бишкектеги эки шайлоо округунан Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңип чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты.

Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түшүп, баштапкы жыйынтык боюнча Элвира Сурабалдиева 9 209 (46,09%) добуш алды. Экинчи орунда талапкер Нурбек Тотонов 3 543 (17,73%) добушу менен баратат. Алгачкы үч орунду 1065 жарандын тандоосуна татыган (5.33%) Нурбек Токтакунов жыйынтыктайт. Андан кийин эле "баарына каршы" деген позиция келе жатат. Бул жолу Биринчи майдын 933 шайлоочусуна (4.67%) бир дагы талапкер жаккан эмес.

Свердлов шайлоо округундагы шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип, Абдурахманхажи Муртазалиев 5 797 (17,54%) добуш алды. Экинчи орунду 5 381 (16,28%) добуш менен Шайлообек Атазов ээледи. Үчүнчү болуп Алмаз уулу Аскар келди. Ага 3035 (12.64%) шайлоочу добуш берген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...