• Башкы бет
  • Украинадагы кыргызстандыктар Венгрия аркылуу чыгарылат
14:51, -ж., 28-февраль

Украинадагы кыргызстандыктар Венгрия аркылуу чыгарылат

Украинадагы кыргызстандыктар Венгрия аркылуу чыгарылат

Украинанын Киев шаарындагы кыргызстандыктар элчилик уюштурган автобустар менен Венгрияга чыгарыла баштады. Бул тууралуу "Азаттык" Киевдеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаиловго шилтеме берүү менен жазды.

"Коменданттык саат бүттү, азыр чыгып кетчүлөр кетип жатат. Биздин элчилик уюштурган автобус Венгрияга чыкканы жатат. Калгандары кийинки автобусту күтүшөт. Негизи кетем деген 150 киши бар. Бирок автобуска бата турганы кетет", - деди Исмаилов.

Анын айтымында, автобусту элчиликтин кызматкерлери коштоп жүрөт.

Буга чейин Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Киевде коменданттык саат киргендигине байланыштуу, эвакуация иштери 28-февралда башталарын билдирген.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...