• Башкы бет
  • Ош шаарында вице-мэрдин кабылдамасында "Нур ТВнын" оператору сабалганы айтылууда
14:45, -ж., 28-февраль

Ош шаарында вице-мэрдин кабылдамасында "Нур ТВнын" оператору сабалганы айтылууда

Ош шаарында вице-мэрдин кабылдамасында "Нур ТВнын" оператору сабалганы айтылууда

Ош шаарында «Нур ТВ» телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулу белгисиз киши тарабынан сабалды. Учурда бул факты боюнча шаардык милицияга арыз жазды, деп жазат "Т-Медиа".

Окуяга күбө болгон телеканалдын кабарчысы Рысбай Мажитовдун айтымында, 28-февралда ал оператор менен вице-мэр Жасур Азимовго интервью алганы барышкан. Алар менен кабылдамада отурган жарандар кезек талашып кеткен. Алардын бири операторду уруп жиберген.

«Жасур Азимовдон интервью алайын деп барган элек. Ичкериде бир телеканал интервью алып аткан экен. Кабылдамада эки бала туруптур. Биз алардан «Азимовдон интервью алып албайлыбы?» деп сурансак, ынабай, эл катары кезек менен киргиле» дешти. Биз ага макул болуп турганбыз. Бирөөсү «Эл катары эле кирсеңер, силер эмне өзгөчөсүңөрбү?» деп сөгүндү. Операторум «сөгүнбөй эле айта бербейсизби десе, сен кимсиң, сен эмне буга жан тартып атасың» деп, туруп келип уруп жиберди. Оозу айрылып кетти. Мен «токтоңуз, 102ге чалам десем, сыртка чыгып сүйлөшүүнү сунуштады. Эшикке чыгып качып кетти. Кийин ошол жердегилер операторду урган баланын аты Баялы экенин, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган жээни болорун айтышты», -дейт кабарчы.

Каналдын журналисти Даткабек Шабданбеков оператордун оозу жыртылып, ооруканага кайрылганын кошумчалады.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын айтты. Кененирээк маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...