• Башкы бет
  • Ош шаарында жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды
15:09, -ж., 25-февраль

Ош шаарында жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды

Ош шаарында жарандардын коопсуздугу үчүн жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай ачылды

Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен тазалыкты, тартипти, коопсуздукту жана шаардын имиджин сактоо максатында ишкерлер тарабынан жүк ташуучу унаалар үчүн тиешелүү талаптарга жооп берген акысыз токтотуучу жай уюштурулду. Бул жай Мамыров көчөсүндөгү (болжол: Кирпичный кичи району) эски унаа базарында ачылды. Унаа токтотуучу жайда жүк ташуучу унааларды койгонго керектүү шарттар түзүлүп, тосмо, видеокөзөмөлдөр орнотулду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматы тарабынан жол коопсуздугунун нормаларын жана экологияны сактоо максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун шаардыктар менен болгон жолугушууларында калаанын ар кайсы кичи райондорунда жол жээгинде токтоп турган оор жүк ташуучу унаалар боюнча нааразычылыктар айтылган. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...