• Башкы бет
  • Баңгизат жүгүртүүгө шектелип, өзбек жараны кармалды
15:06, -ж., 25-февраль

Баңгизат жүгүртүүгө шектелип, өзбек жараны кармалды

Баңгизат жүгүртүүгө шектелип, өзбек жараны кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 22-февралында К.Б.Г. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды.

Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим  табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...