• Башкы бет
  • Орустардын кол салуусунан качып Польшага барган украиналыктар
14:47, -ж., 25-февраль

Орустардын кол салуусунан качып Польшага барган украиналыктар

Орустардын кол салуусунан качып Польшага барган украиналыктар

Польшанын Перемышль шаарынын бийлиги маалымдагандай, бир миңден ашуун украин жараны орустардын кол салуусунан качып, Польшага барган, деп жащат Би Би Синин кыргыз кызматы.

Украинадан келгендерден Польша карантин чараларын же коронавируска терс тест жыйынтыгын көрсөтүү талабын алып салды.

Алардын көпчүлүгү отелдер толугу менен ээленип калгандыктан түнү менен темир жол станциясындагы керебеттерде жатышты.

Польша чек арадан өткөн украиналыктар үчүн тогуз кабыл алуу борборун ачты. Ал жерде тамак-аш, медициналык жардам жана маалымат берилет.

Польшада эң чоң украин диаспорасы бар. Ар кандай сандар айтылып жүрөт, бирок өлкөдө бир-эки миллион украин бар экени айтылат. Алардын жарым миллиону гана Польшанын социалдык кызматтарында каттоодон өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...