• Башкы бет
  • Ошто Президенттин өкүлүнүн кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды
14:03, 2022-ж., 24-февраль

Ошто Президенттин өкүлүнүн кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Ошто Президенттин өкүлүнүн кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кечээ, 23-феврал күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин « Инсандын Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык спорттун көк-бөрү жана ат оюндары болуп өттү. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган мелдешке 390 миң байге фонду коюлуп, ага облустун 7 аймагынан бирден команда жана Ош шаарынын 1 командасы катышып жалпы 8 команда катышты.

Облус башчысынын өтмө кубогунун жыйынтыгында Президентин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов көк бөрү оюнчуларына өз сөзүн сүйлөп, өз колу менен сыйлык тапшырды.

1-орун Өзгөн району 120 миң сом.

2-орун Кара-Суу району 80 миң сом.

3-орунду Кара-Кулжа району ээлеп, 50 миң сом

4-орунду Алай районунун командасы камсыз кылып, 30 миң сом акчалай сыйлык алды.

Көк-бөрү оюндарынан сырткары аламан чабыш болуп өтүп, ага жалпы 7 чабандес катышты. 1- орунду ээлеген чабандеске 40 миң сом, 2- орунду камсыздаганга 30 миң сом жана 3- орунда ээлеген чабандеске 10 миң сом акчалай сыйлыктарды ыйгарылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...