• Башкы бет
  • Украинанын борбор калаасы баш болгон шаарларда атышуунун үнүн угулууда,-ЖМК
13:56, -ж., 24-февраль

Украинанын борбор калаасы баш болгон шаарларда атышуунун үнүн угулууда,-ЖМК

Украинанын борбор калаасы баш болгон шаарларда атышуунун үнүн угулууда,-ЖМК

Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди, жазат "Азаттык".

Андагы маалыматка ылайык, ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Путин Украинага каршы согуш баштады. Жайкын украин шаарларына чабуул уланып жатат. Бул баскынчылык согушу. Украиана өзүн коргойт жана жеңет. Дүйнө Путинди токтото алат жана токтотушу керек", - деп жазды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз",- деди Путин.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...