• Башкы бет
  • Украинанын 5 облусу аскердик чабуулга кабылгандыгын айтылууда
13:50, -ж., 24-февраль

Украинанын 5 облусу аскердик чабуулга кабылгандыгын айтылууда

Украинанын 5 облусу аскердик чабуулга кабылгандыгын айтылууда

Украинанын Чек ара кызматы Орусиянын куралдуу күчтөрү кол салганын билдирди. Маалыматка караганда, орус күчтөрү Орусиянын жана Беларустун аймактарынан басып кирген, деп жазат Би Би Синин кыргыз кызматы.

Төмөндө Чек ара кызматынын билдирүүсү:

“Мамлекеттик чек ара Орусиядан жана Беларустан орус күчтөрүнүн чабуулуна туш болду.

Болжолдуу саат 5:00 Украинанын Орусия жана Беларус менен чектешкен аймагы Беларустагы орус күчтөрүнүн кол салуусунан зыянга учурады.

Чек ара бөлүктөрүнө, чек ара нөөмөтчүлөрүнө жана өткөрүү пунктарына кол салууда артиллерия, оор техника жана мылтыктар колдонулган.

Мындай көрүнүш Луганск, Сумск, Харьков, Черниговск жана Житомир облустарынын аймактарында болууда. Андан тышкары убактылуу басып алынган Крым автономиялуу республикасынын аймагынан да кол салып жатышат.

Ошондой эле каршылаштардын бүлүнткүч чалгынчы тобунун иши байкалууда.

Чек ара аймактарында кырдаалга жараша чек арачылар Украинанын Куралдуу күчтөрү жана Улуттук гвардиясы менен бирге душманга ок атууда.

Чек арачыларыбыздын арасында жаракат алгандар туурасында маалыматтар такталууда”.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...