• Башкы бет
  • Оор жүк ташыган айдоочулардан акча алган кызматкер кармалды
13:54, -ж., 23-февраль

Оор жүк ташыган айдоочулардан акча алган кызматкер кармалды

Оор жүк ташыган айдоочулардан акча алган кызматкер кармалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды

Мурда маалымдалгандай, УКМК өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу максатында ишкерлердин кызыкчылыгын көзөмөлдөөчү органдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Көрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик контролдоо пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги жөнүндө маалыматтар алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтар тастыкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин  1-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 22-февралында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору С.У. жана К.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалышты. 

Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишет. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...