13:48, 2022-ж., 23-февраль

20 адамдан коронавирус аныкталды

20 адамдан коронавирус аныкталды

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон бейтап вакцина албаганын билдирди.

23-февралга карата өлкөдө ооругандардын жалпы расмий саны 200 миң 388ге жетти жана 2948 адам каза болду.

Ушул тушта ооруканаларда 207 бейтап жатат жана алардын теңине жакынынын абал оор. Үйлөрүндө болсо миңден ашык адам дарыланууда.

Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...