• Башкы бет
  • Президенттин Ош облусундагы өкүлү жарандардын маселесин онлайн режиминде жетекчилерге жеткирди
13:36, -ж., 23-февраль

Президенттин Ош облусундагы өкүлү жарандардын маселесин онлайн режиминде жетекчилерге жеткирди

Президенттин Ош облусундагы өкүлү жарандардын маселесин онлайн режиминде жетекчилерге жеткирди

Кечээ, 22-февраль күнү Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Иш чарага Район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү мекеме жетекчилери катышты.

Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер, кадр маселеси, үй маселеси, жөлөк пул, жер тилке маселеси, таза суу, турак жай, базар маселеси жана жеке маселелери менен кайрылды. Ош облусунун башчысы, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, Онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...