• Башкы бет
  • Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди
11:52, -ж., 22-февраль

Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди

Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди

Кечээ, 21-февралда Ош шаарына Өзбекстандын Андижан облусунан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Андижандын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынан вице-мэри Сонунбек Жунусбаев Достук өткөрмө бекетинен тосуп алды. 

Көчөттөр коңшулаш Андижандан экинчи борбор калаага белек катары жөнөтүлгөн. Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар павловния көчөтүнөн отургузушту. Алдыда 10 миң түп көчөт шаар аймагына бир күндө отургузулат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...