• Башкы бет
  • Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн элден 123 млн.сом чогулду
11:41, 2022-ж., 22-февраль

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн элден 123 млн.сом чогулду

Баткендеги чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн элден 123 млн.сом  чогулду

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев былтыр апрелдеги чек ара жаңжалында жабыркагандарга коомчулуктан атайын эсепке 123 миллион сомго жакын акча топтолгонун билдирди. Ал 22-февралда Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында топтолгон каражатты бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, куралдуу кагылышта жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү үчүн курулуш компанияларга 90 миллион сом которулганын маалымдады.

"Ал эми жаракат алган жарандарга үч миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн. Ошондой эле 229 миң сом жабыркаган айылдардагы балдарды эс алдырууга жумшалган. Жалпысынан 94 миллион сомдон ашык акча керектелди, учурда атайын эсепте 28 миллион сом турат".

Алимбаев былтыр жазындагы чек ара жаңжалынын жалпы чыгымы 1 миллиард 350 миллион сомдон ашты деп эсептелгенин кошумчалады.

Былтыр 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...