• Башкы бет
  • Соңку суткада 15 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды
15:59, 2022-ж., 21-февраль

Соңку суткада 15 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды

Соңку суткада 15 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды

Акыркы 24 саатта коронавирус илдетин 15 адам жуктуруп алды. Мурда жуктуруп алган 119 бейтап айыгып чыкты. Эки бейтап көз жумду.  Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңы учурлардын 10у Бишкектен, бешөө Ош шаарынын тургундарынан аныкталган.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 337ге жетти. Анын ичинен айыккандар 194 218и ооруну жеңген. Курмандыктар  2 946.

Ушул тапта ооруканаларда 235, үй шартында 1 366 киши дарыланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...