• Башкы бет
  • УКМК: Жасалма электрондук документ даярдаган канлдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
15:50, -ж., 21-февраль

УКМК: Жасалма электрондук документ даярдаган канлдын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ушул жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан саламаттыкты сактоо системасындагы коррупциялык схемаларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринеде катталган материалдардын алкагында, Жалал-Абад шаарындагы “Medicana Plus” диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЦР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп плышкандыгы аныкталды.

Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиякассасынындагы адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЦР-анализдерин сатып жүрүшкөн, ПЦР-тесттинин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды.

Ковид-19 үчүн ПЦР тесттерине муктаж болгондор, ПЦР тесттеринен өтпөстөн, “Whats app” мессенджери аркылуу “Medicana Plus” лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга авиакассалар жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды. 

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган, аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЦР тесттерин жүргүзүп, “Finca Elsom” төлөм системасынын терминалдары аркылуу “Medicana Plus” компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.

 Учурда бул коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...