Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев жана анын орун басары Канышай Имарова кызматтарынан убактылуу четтетилди.
Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 03-141-2022-0000001 сандуу кылмыш иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө амалдары аяктаганга чейин Эмгек кодексинин 76-беренесинин 1-пунктуна, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык убактылуу кызматтан четтетүү тууралуу бүгүн мэрдин буйругу чыкты.
Жетекчинин кызматтык милдеттерин убактылуу аткаруу башкармалыктын жерлерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Эмиль Туленбаевге жүктөлдү.
Комментарийлер