Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.
Акыркы суткада коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду. Илдет дагы 41 адамдан аныкталды. Ошол эле учурда 191 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Бишкек — 20;
Чүй облусу – 14;
Талас облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1.
Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандардын саны 200 255ке жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 193 792. Каза болгондор 2939.
Учурда стационарда 333 жана амбулатордук түрдө 1622 адам дарыланып жатат.
Комментарийлер