"Бүтүрүүчүлөрдү учурдун талабына ылайык окутуу": Ош МУда студенттерди адистике калыптандыруу боюнча конференция болду

Бүгүн, 17-февралда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде «Студенттерди адистике калыптандырууда жогорку окуу жай менен өндүрүштүн ролу» аттуу конференция болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын мугалими Мээрим Кожонова билдирди.
Анын айтымында, конференцияга ОшМУнун ректору, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Ош облустук стоматологиялык эмканасынын башкы дарыгери , Дары-дармек департаментинин түштүк филианын жекечиси, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин деканы жана ОшМУнун профилактикалык өндүрүш бөлүмүнүн жетекчилери катышышты.
«Конференциянын негизги максаты - бүтүрүүчүлөрдү учурдун талабына ылайык окутуу жана компетенцияларды калыптандыруу, жумуш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөдүн байланышын түзүү болуп эсесптелет»,-деди Кожонова.
Комментарийлер