• Башкы бет
  • "Мамлекеттин жерин фермер өз билемдик менен иштетет": Облустун жетекчилери айылдыктардын көйгөйүн укту
14:06, -ж., 17-февраль

"Мамлекеттин жерин фермер өз билемдик менен иштетет": Облустун жетекчилери айылдыктардын көйгөйүн укту

"Мамлекеттин жерин фермер өз билемдик менен иштетет": Облустун жетекчилери айылдыктардын көйгөйүн укту

Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев төрагалык кылган атайын комиссия жана Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун Октябрь айылынын тургундары менен жеринде жолугушту.

Буга чейин жергиликтүү тургундардын арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымынд,а Октябрь айылында мамлекеттин жерин фермер өз билемдик менен иштетип жатат. Ошондуктан 150 гектар жердин мыйзамдуулугу текшерип берүү боюнча кайрылышкан.

Өкүлдүн биринчи орун басары эл менен жолугуп көйгөйлөрүн укту, жыйынтыгында облустук деңгээлде тиешелүү кызмат адамдарынан жергиликтүү тургундардан турган атайын комиссия түзүлүп, 7 күндүк мөөнөттө арызда айтылган дооматтарды, Үрөн чарбасынын ишмердүүлүгүн текшерет. Анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...