• Башкы бет
  • Быйыл Ош шаарына 95 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат
14:04, -ж., 17-февраль

Быйыл Ош шаарына 95 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Быйыл Ош шаарына 95 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат

Кечээ, 16-февралда Ош шаарында калааны жашылдандыруу максатында Бекмамат Осмонов көчөсүнө 95 түп ийне жалбырактуу колоновидная туя көчөттөрү отургузулду. Көчөт отургузууга мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, тиешелүү коммуналдык тармактардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

2022-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, быйылкы жылы шаарды жашылдандырууга жана көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулат. Жаз мезгилинде Ош шаарына 1,5 млнго жакын гүл көчөтү, анын ичинде 6 миң жоогазын гүлү отургузулат. Мындан сырткары калаанын муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан 15 000ге жакын дарактардын көчөттөрү да тигилет. Ага кошумча 10 000 түп павловния отургузуу пландалууда”, - деди мэр Алмаз Мамбетов.

Ошондой эле калаа башчы быйыл шаардын көчөлөрүнө ар түрдүү көчөттөрдү отургузууга басым жасала турганын билдирди.

“Быйыл шаарды ландшафттык дизайн, жашылдандыруу жана жасалгалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Ар бир көчөгө ар кандай сорттогу бак-дарактар отургузулат. Анын ичинде жай мезгилинде кычкылтектин пайда болушуна жана көлөкөнүн сакталышына өбөлгө түзгөн жазы жалбырактуу дарактарга басым жасайбыз”, - деп белгиледи мэр.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...