13:58, -ж., 17-февраль

Ошто 28 жаштагы келин 3 эм төрөдү

Ошто 28 жаштагы келин 3 эм төрөдү

Ош шаарындагы жеке менчик төрөт үйүнүн биринде14-февраль күнү28 жаштагы Жаңылай Мадамбекова үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу төрөткананын башкы дарыгериМырза Станбеков билдирдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Дарыгердин айтымында, үч эмдер эки уул, бир кыз. Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы жакшы.

«Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагындагы Арек айылынын тургуну Жаңылай Мадамбекова биздин төрөт үйүндө үч эм-эки уул, бир кызды жарык дүйнөгө келтирди. Учурда балдардын абалы жакшы. Биринчи уулу 2 кг 400 гр, бою 48 см, экинчиси кыз, салмагы 2 кг 500, бою 48 см жана үчүнчү уулу 3 кг 200 гр, бою 50 см. Бүгүнкү күндө эне үч баласың тең көкүрөк сүтү менен эмизип жатат. Тойбой калса кошумча тамак беребиз. Абалдары жакшы, 1-2 күндөн кийин чыгарабыз. Бул боюнча Ош шаар мэриясына да маалымат берип койдук», - деди  М.Станбеков.

Мырза Станбеков Жаңылай Мадамбекованынүч эмми үчүнчү төрөтү экенин кошумчалады.

Өткөн 2021- жылы бул төрөт үйүндө өткөн жылы дагы эки үч эм төрөлгөн. Быйыл 2022-жылы алгачкы үч эмдин төрөлүшү. Ал эми Ош шаардык төрөт үйүндө ушул жылдын январь айында үч эм жарык дүйнөгө келгени кабарланган.

Ош шаарында 2020-жылы 184 эгиз төрөлсө, анын ичинен үч үч эм жарык дүйнөгө келген. 2021-жылы 186 эгиз наристе төрөлсө, анын 2 учуру үч эм болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...