• Башкы бет
  • Кыргызстандык лыжачы Бээжиндеги Олимпиадада өз күчүн сынады
14:43, 2022-ж., 16-февраль

Кыргызстандык лыжачы Бээжиндеги Олимпиадада өз күчүн сынады

Кыргызстандык лыжачы Бээжиндеги Олимпиадада өз күчүн сынады

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжиндеги Олимп оюндарында лыжа тебүүнүн слалом дисциплинасында күчүн сынады, деп жазды "Азаттык".

Ал катышкан эркектер арасында лыжа тебүү спортунан жалпы 88 лыжачы күчүн сынаган. Кыргызстандык спортчу 81-номерде катышып, биринчи аракетинде кулап, марага жетпей калган. Жалпысынан 31 спортчу биринчи аракетте финишке жете алган эмес.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжин Олимпиадасына жолдомого ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу болуп калды. Ал Ачылыш аземдеги парадда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкөнүн туусун көтөрүп өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...