• Башкы бет
  • "Жаңыча формат": Облус башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды
14:41, -ж., 16-февраль

"Жаңыча формат": Облус башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

"Жаңыча формат": Облус башчысы жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды

Кечээ, 15-февраль күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган тургундары кабыл алды. Жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында, район жана айыл өкмөт башчылары облустук жана райондук мекеме жетекчилери онлайн форматта катышты.

Ош облусунун тургундары жер, турак-жай, айылдагы көйгөйлүү маселелер, боюнча кайрылышты. Зиядин Жамалдинов жарандардын көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү үчүн онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Мындан ары жарандарды кабыл алууга онлайн форматта жетекчилер катышат. Негизи максат- жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү, убакытты үнөмдөө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...