• Башкы бет
  • Ош шаарында Ооганстандан аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү
14:38, -ж., 16-февраль

Ош шаарында Ооганстандан аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Ош шаарында Ооганстандан аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Кечээ, 15-февралда Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 33 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Ага вице-мэр Венера Рыскулова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин депутаты Мэлис Джусупов, Россиянын Оштогу башкы консулу Андрей Бибишев, Ош гарнизонунун башчысы Руслан Муканбетов, КРнын Улуттук гвардиясынын аскер кызматкерлери, интернационалисттер, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюлуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.

Вице-мэр Рыскулова бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, катаал жылдарда аскер кызматкерлеринин тынчтык үчүн, келечек муундардын бактысы үчүн жасаган эрдиктерин эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи.

Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 33 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 363 интернационалист-жоокер жашайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...