• Башкы бет
  • Алмазбек Бейшеналиев мурдагы кызматына кайтып келди
13:43, -ж., 15-февраль

Алмазбек Бейшеналиев мурдагы кызматына кайтып келди

Алмазбек Бейшеналиев мурдагы кызматына кайтып келди

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-февралда мамлекет башчысынын жарлыгын окуп, Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевди тааныштырды.

Ведомствонун жаңы жетекчисин тааныштырып жатып, Акылбек Жапаров жаңы дайындалган башчы билим берүү жана илим тармагын жакшы билерин белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы Алмазбек Бейшеналиевдин алдына билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоого, билим берүү системасынын бардык баскычтарында натыйжалуу реформаларды жүргүзүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн мезгилдин талаптарын эске алуу менен маалыматтык-коммуникациялык технологияларды активдүү киргизүү, учурдагы билим берүү программаларын кайра карап чыгуу жана сапаттуу билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи.

Акылбек Жапаров Алмазбек Бейшеналиевдин өзүнө жүктөлгөн жаңы милдеттерди ишке ашыруу үчүн билими жана тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери менен баарлашуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин пландары менен бөлүштү. Анын ичинде үстүбүздөгү жылдын апрелинде өлкөнүн бюджеттик тармагынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эң масштабдуу жогорулатуу пландалууда жана бул биринчи кезекте мугалимдерге тиешелүү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...