• Башкы бет
  • Президенттин Ош облусундагы өкүлү "Гайе" фонду менен биргелешкен инвестициялык долбоорлору ишке ашырат
15:16, -ж., 14-февраль

Президенттин Ош облусундагы өкүлү "Гайе" фонду менен биргелешкен инвестициялык долбоорлору ишке ашырат

Президенттин Ош облусундагы өкүлү "Гайе" фонду менен биргелешкен инвестициялык долбоорлору ишке ашырат

Ош облусунун башчысы “Гайе” фондунун башкармалыгынын төрагасы Мехмет Сиддик Акшит баштаган өкүлдөрү, Түркиялык ишкерлер жана Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзгөн районундагы “Имам Сарахси” зыярат кылуучу жайына Илим изилдөө борборун куруу, “Имам Сарахсинин” китебин кыргыз тилине которуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну тууралуу сүйлөшүштү.

Ош облусунун башчысы Түркиялык ишкерлер менен кызматташууга жана Илим изилдөө борборун курууга колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

“Ош облусунда инвесторлор үчүн шарттар түзүлгөн, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ал эми Илим изилдөө борборун куруу үчүн Өзгөндөн 9 гектар жер ажыратып беребиз. Эгерде аталган борбор курулуп, ишке кирсе, бир гана экономика эмес туризм тармагыбыздын да өнүгүүсүнө салым кошот. Себеби Түркия жана Мусулман өлкөлөрүнөн зыярат кылганы келген туристердин саны көбөйөт”,-деди Зиядин Жамалдинов.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...