• Башкы бет
  • Соңку суткада 81 адамдан коронавирус аныкталды
13:47, -ж., 12-февраль

Соңку суткада 81 адамдан коронавирус аныкталды

Соңку суткада 81 адамдан коронавирус аныкталды

Соңку бир суткада (12-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 81 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 41 киши.

Чүй облусунда – 34,

Ош облусунда – 2,

Ысык-Көл облусунда – 1,

Баткен облусунда –1 адамдан илдет табылган.

Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңге жакын, 2924 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 553 бейтап ооруканаларда, 2439 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирустан 265 адам сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

live comments feed...