• Башкы бет
  • Апрель айында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулайт
13:39, -ж., 12-февраль

Апрель айында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулайт

Апрель айында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулайт

Министрлер Кабинети апрель айында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатууну пландап жатат. Бул тууралуу премьер министр Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди, деп жазат "Т-Медиа". 

Акылбек Жапаровдун айтымын 2023-жылы тышкы карыздын белгилүү өлчөмү төлөнөт. Мындан улам, бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарыл.

«Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек. Биз өтө жооптуу мезгилде турабыз, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнөт. Биз буга даяр болушубуз керек», — деген Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өткөн жылы өлкөдө жөлөкпул жана айрым кызматкерлердин маянасы жогорулаган. Ошондой эле, экономиканы көтөрүү үчүн 19-январда жаңы Салык кодекси ишке кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...