• Башкы бет
  • Ташиев эч бир жер анклав болбостугун айтты
13:36, 2022-ж., 12-февраль

Ташиев эч бир жер анклав болбостугун айтты

Ташиев эч бир жер анклав болбостугун айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча оюн айткан “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаковго жооп берди. Ал пикирин «Фейсбук» баракчасына жазган, деп жазат "Т-Медиа".

Ташиев жообунда Исаковдун тетири ой жүгүртүшүн сындап, эч бир жер анклавка айланбайт деп билдирди.

«Эсиңизге түйүп алыңыз эч бир жерди анклавга айлантпайбыз. Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып коюучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз» — деген Ташиев.

Ошондой эле, УКМК төрагасы №39 протокол кабыл алынгандай аткарылса, чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүндүк болушун айткан.

«1924-27 жылдагы жана 2021 жылдагы кабыл алынган эки документ тең 39 деген номер менен кабыл алыныптыр, муну атайылап жасаган деп жазыпсыз. Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп, бирок ушул жөнөкөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш, себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет, эч ким каалаган номерин коё албайт. 3.2021 01.05. те кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса эки өлкөгө тең ынгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт» — деп жазылат Ташиевдин жообунда.

Ошондой эле, төрага төмөнкүлөргө токтолгон:

Исфара — Чоркух — Ак Сай — Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт. Коңшулар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагын 39- протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин.

Чек ара комиссиясын жоюуга эч кандай негиз жок, Исаков кааласа комиссияга кошуп алалы, иштеп берсин. Бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек.

Жабык эшик артында саясатчыларды, талдоочуларды чакырып маалымат берүүгө даярмын. Көп нерселерди ачык айкын жаза албадым, туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлоймун.

Исмаил Исаков 10-февралда ПолитКлиника медиасына №39 протоколдун коркунучу тууралуу маек берген. Анда ал кыргыз-тажик чек ара комиссиясын жоюп, жаңы түзүш керек деген пикирин айткан. Ошондой эле, чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу керектигин белгилеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...