• Башкы бет
  • Түндүк-түштүк жолуна курулган тосмолордун уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду
15:48, -ж., 10-февраль

Түндүк-түштүк жолуна курулган тосмолордун уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду

Түндүк-түштүк жолуна курулган тосмолордун уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду

Түндүк-түштүк автожолуна курулган көпүрөнүн тосмолорунун уурдалышы боюнча Сузак райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси менен иш козгоп, тергеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди, деп жазат "Азаттык".

Мекеменин маалыматына ылайык, райондун Курманбек жана Калмак-Кырчын айылдарынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” автожолунун 364-чакырымына автоунаа өтүүчү көпүрө курулган.

Анын каптал тарабындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см. болгон темирлери былтыр ноябрь айларында уурдалган.

Натыйжада, жолду салып жаткан кытайлык China Road And Bridge Corporation ишканасы 200 миң сом зыян тарткан.

433 чакырымга созулган түндүк-түштүк автожолу Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган каражатка курулууда. Ишти China Road компаниясы жүргүзүп, “Кыргыз жол транспорт долбоор” институту көзөмөлдөйт

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...