15:39, -ж., 10-февраль
"Ош ТВ" телеканалы Ош мэриясынын карамагына өттү

Ош шаарындагы "Ош ТВ" телеканалы Ош шаардык мэриясынын балансына өттү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, бүгүн Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутаттардын 36сы телеканалды мэриянын балансына өткөрүүгө макулдук беришти.
"Ош ТВ" телеканалы 2010-жылы болгон Ош коогалаңынан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына өткөн. Аталган телеканал 1990-жылы өзбек ишкери тарабынан негизделген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер