• Башкы бет
  • УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды
14:07, -ж., 9-февраль

УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды

УКМК: Опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды

2022-жылдын 8-февралында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Опузалап пара алуу) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүнтүн алкагында, пара алып жаткан жеринен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” кармалды. Бул маалыматты атайын кызматты басма сөз кызматы таратты.

Маалыматк ылайык,  “О.И.К.” кызмат абалынан пайдаланып, коркутуу жолу менен КР ЮМ караштуу ЖАКнын 47-ТМде жазасын өтөп жаткан соттолгон “А.А.Х.” акча талап кылганы аныкталган.

Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, кармалган “О.И.К.” соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуу менен жана жогоруда аталган түзөтүү мекемеде жазасын өтөп жаткан терс көз караштагы соттолгондордун мүмкүнчүлүктөрү аркылуу 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондон акча каражатын алып турган. 

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...