• Башкы бет
  • Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды. Шектүү катары жигити кармалды
14:04, -ж., 9-февраль

Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды. Шектүү катары жигити кармалды

Ошто студент кыздын жансыз денеси табылды. Шектүү катары жигити кармалды

Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздынжансыз денеси табылды. Ал адам колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарына караштуу Кенеш айылынын тургуну арыз менен кайрылып, арызында “Менин 2000-ж.т. кызым 2022-жылы 30-январында саат 09:00 чамасында үйдөн окууга барып келүү үчүн чыгып кеткен боюнча, дайынсыз болуп жатат”, - деп билдирген.

Аталган маалымат Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо МБнун 2022-жылдын 31-январында катталган.

Окуя боюнча кубо катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.

Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 08.02.2022- Ош облусунун Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4 курсунун студенти, Н.А. качып жүргөн жеринен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, Ош ШИИБнын тергөө кызматына камсыз кылынган.

Шектүү А.Н. алгачкы көрсөтмөсүндө, “2022-жылы 30-январында саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым да, эртеси күнү, 31.01.2022-жылы Озбекистан Республикасынын аймагына өтүп, ошол жактан Россия Федерациясына учуп кеттим”, - деп билдирген.

Жогорудагы кармалган шектүү А.Н.дин көрсөтмөсүнүн негизинде, 08.02.2022-жылы саат 18:00 чамасында Кара-Суу району Кызыл-Кыштак а/о Ишкаван айылындагы шектүү короого кароо жүргүзүлүп, үйдүн түндүк тарабындагы дубалы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 см. тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон 2000-ж.т. Т.М.дин жансыз денеси табылган. Дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдар таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин адвокатынын катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүңкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган.

08.02.2022-жылы атуул А.Н. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 96-бер. негизинде КРнын КЖКнин 122-беренесинде каралган кылмыш жасагандыгы боюнча кармалып, Ош ШИИБнын УКЖна киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жана ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча кошумча маалыматтар болсо, кошумча билдиребиз.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...