• Башкы бет
  • Ош шаарында милиция мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин баштады
13:54, -ж., 9-февраль

Ош шаарында милиция мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин баштады

Ош шаарында милиция мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин баштады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдын ала түзүлгөн иш-планга ылайык Ош шаарында жайгашкан мектептердеги, окуу жайларындагы профилактикалык багыттагы жолугушууларын башташты. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жолугушуунун негизги максаты окуучулардын, жаштардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат. Алгачкы ушундай жолугушуу Ош шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы жана «Илим» орто мектептеринде болуп өттү. Иш чара Ош ШИИБнын №4 милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны Марипбай уулу Таирбек, жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору милициянын капитаны Т. Жакыпов жана милициянын патрулдук кызматы тарабынан уюштурулду.

Жолугушуулар учурунда милиция кызматкерлери келген окуучуларга, алардын ата-энелерине Ош шаарынын аймагындагы өспүрүмдөр арасындагы болуп жаткан кылмыштуулук, алардын алдын алуу иш чаралары тууралуу айтып өтүп, келечек муундарды тарбиялоодо биргелешип күч-аракеттерди жумшоого, ата-энелерди укуктарын гана эмес, милдеттерин дагы унутпоого чакырышты. Шаар аймагында болуп жаткан айрым кылмыштарга токтолушту. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери К. Камчибеков, Чолпонай Мараева Р. Абылов окуучулары менен үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу айтып беришти. Өзгөчө жолдон өтүп бара жатканда мобилдик телефонго алаксып калу-коркунучтуу экендигин эскертишти. Бүгүнкү коомдогу интернеттин пайдалуу жана зыян жактарына токтолушту. Бул профилактикалык бвгыттагы жолугушууда окуучулар, менен милиция кызматкерлердин ортосунда жылуу пикир алмашуу жүргүзүлдү. Аткарууга убакыт талап кылына турган маселелер көзөмөлгө алынды.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, өспүрүмдөр менен ата-энелер милиция кызматкерлерине өздөрүн кызыктырган суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду ала алышты.

Бул жолугушуунун соӊунда «Илим» мектебинин директору А.Абдывазиева сөз сүйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди: «Биз келечек муундарыбыздын коопсуздугу үчүн дайыма укук коргоо органлары менен кызматташып келгенбиз. Буюрса, мындан ары дагы дайыма биргеликте иштей беребиз. Анткени ар бир өспүрүмдүн тагдыры-биздин колубузда» деди мектеп директору…

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жакынкы арада шаардагы бардык мектептерде, жана окуу жайларда ушул сыяктуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...