• Башкы бет
  • Ош шаарында өткөн коомдук угууда шаардын бюджети канча миллионго көбөйгөнү айтылды
13:52, -ж., 9-февраль

Ош шаарында өткөн коомдук угууда шаардын бюджети канча миллионго көбөйгөнү айтылды

Ош шаарында өткөн коомдук угууда шаардын бюджети канча миллионго көбөйгөнү айтылды

Кечээ, 8-февралда Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата долбоорун талкуулоо боюнча бюджеттик коомдук угуу өттү. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынын билдирүүсүндө айтылат.

ага ылайык, коомдук угууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар, Ош шаарынын мэриясы, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Долбоорду Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Абдуллаев тааныштырып, маалымат берди.

2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 117,9%га өсүп, же болбосо 242 810,0 миң сомго көбөйүп 1 600 510,0 миң сом деп аныкталды, анын ичинен:

- салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн эң көп бөлүгү, тагыраагы дээрлик 35 % турак жай жана коммуналдык чарбага, 25,2 % билим берүү тармагына каралган.

Коомдук угуу жарандардын суроо, сунуштары менен коштолуп, талкуу иретинде улантылды. Катышуучулар тарабынан бюджетти максаттуу пайдалануу багытында бир катар сунуштар айтылды. Мында көтөрүлгөн маселелер алдыда бюджетти бекитүүдө каралат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...