14:42, -ж., 8-февраль

Токон Мамытов суракка чакыртылды

Токон Мамытов суракка чакыртылды

Мурунку вице-премьер-министр, чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Токон Мамытов Адахан Мадумаровдун иши боюнча Генералдык прокуратурага сурак берүүгө чакыртылды. Бул маалыматты "Кактус медиа" басылмасы жеке булактарына таянуу менен жазды.

Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы жерлерди сатуу иши боюнча күбө катары сурак берген. Андан мурун, 2021-жылдын ноябрында президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы жерлерди сатуу боюнча иликтөө иштери башталат, деп жар салган болчу.

Кеп 2009-жылкы протокол жөнүндө болуп жатат. Анда 5 га жер тууралу айтылган. Кыргызстан бул жер тилкени такталбаган аянт деп эсептейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...