• Башкы бет
  • Латвияга окуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштады
14:35, -ж., 8-февраль

Латвияга окуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштады

Латвияга окуу үчүн өтүнмөлөр кабыл алына баштады

Латвиянын жогорку окуу жайларында 2022-2023-окуу жылына бакалавриатта, магистратурада жана докторантурада окуу үчүн стипендия алууга өтүнмөлөр кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Билим АКИпресс"

Стипендияга өтүнмөлөрдү кайсы жогорку окуу жайда болбосун, кеминде 1 окуу жылын ийгиликтүү аяктаган, бакалавриатта окуган студенттер, магистратурада жана докторантурада окугандар тапшыра алышат.

Стипендиянын өлчөмү:

- айына 500 евро — бакалавриат жана магистратуранын студенттери үчүн,

- айына 700 евро — аспиранттар үчүн.

Кабыл алуу шарттары:

1. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдагы окуу программасын тандап алышы керек.

2. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек.

3. Латвиялык жогорку окуу жайда окуп жаткан талапкер да стипендияга өтүнмө бергенге чейин ошол же тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек.

4. Латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу кат дайындалган байланыш кызматкери тарабынан берилиши керек.

Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин кабыл алынат.

Өтүнмөнү берүү процесси электрондук системада онлайн-форматта жүргүзүлөт.

Өтүнмөлөрдү берүү процесси:

1) уникалдуу логин жана сыр сөз жазылган профилди түзүү,

2) белгиленген критерийлерге ылайык анкетаны толтуруу*,

3) зарыл болгон (латыш же англис тилине которулган) документтерди тиркөө,

4) мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмөнү берүү,

5) июнда электрондук почта аркылуу стипендия берилери тууралуу расмий чечимди алуу, ошондой эле чечим өтүнмөлөрдү берүү үчүн электрондук системада талапкердин профилинде жеткиликтүү болот.

* Толук эмес жана туура эмес толтурулган өтүнмөлөр бааланбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...