• Башкы бет
  • Соңку бир сутка ичинде 83 адамдан коронавирус аныкталды
14:45, -ж., 7-февраль

Соңку бир сутка ичинде 83 адамдан коронавирус аныкталды

Соңку бир сутка ичинде 83 адамдан коронавирус аныкталды

Соңку бир суткада (7-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 83 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 63 киши.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 199 миңден ашты, 2905 адам каза болуп, 191 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 819 бейтап ооруканаларда, 3161 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкер катталган жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7719 учур катталды. Алардын ичинен 7265 дарыгер айыгып чыккан.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Кыргызстандагы коронавирустун абалы жөнүндө билдирүүлөр. Биз расмий билдирүүлөрдү жарыялайбыз. Сураныч, коопсуздук чараларын сактап, беткап кийип жүрүңүз.

Комментарийлер

live comments feed...