• Башкы бет
  • Чек ара боюнча эки өлкөнүн расмийлери 10-февралда жолугат
14:42, -ж., 7-февраль

Чек ара боюнча эки өлкөнүн расмийлери 10-февралда жолугат

Чек ара боюнча эки өлкөнүн расмийлери 10-февралда жолугат

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 10-февралдан 15-февралга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевге шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтымында, эки тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу эки айдан бери токтоп турган.

Топографиялык жумушчу топту Кыргызстандан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-майынан баштап ушул күнгө чейин эки тарап 81 чакырымдан ашык чек ара тилкеси боюнча такташкан.

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин 29-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов жолугуп, чек араны тактоо боюнча топографиялык жумушчу тобунун ишин жандандыруу чечилген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуулар катталып турат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...