• Башкы бет
  • Түркияда бычакталган кыздын иши боюнча шектүү үй камагына чыгарылган, -ЖМК
14:36, -ж., 7-февраль

Түркияда бычакталган кыздын иши боюнча шектүү үй камагына чыгарылган, -ЖМК

Түркияда бычакталган кыздын иши боюнча шектүү үй камагына чыгарылган, -ЖМК

Стамбул шаарындагы мейманканада Түрк жараны тарабынан моюну кесилген кыргыз кызынын ишин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты, деп жазат "Кактус медиа" басылмасы.

"Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, сот тарабынан шектелген Түрк жараны К.Т.га Түркиядан чыгууга убактылуу тыюу салынып, үй камагына алынды.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу жагдайды көзөмөлгө алып, Кыргыз жаранынын кызыкчылыгын коргоо үчүн Стамбул шаарынын тийиштүү органдары жана сот өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, иш-чараларды өткөрүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

30-январь күнү Түркиянын Стамбул шаарында Түрк жараны ага турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кыздын моюнун жана жүзүн кескилеп салган.

Азыркы тапта ал Стамбулдагы батиринде медиктердин көзөмөлүндө дарыланып жатат. ТИМ анын окуядан кийин алгачкы медициналык жардамды алып, бирок ооруканага жатып дарылануудан баш тартканын кат түрүндө билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...