• Башкы бет
  • "Баарына каршы" добуш алган округдарда үгүт иштери бүгүн башталды
14:33, -ж., 7-февраль

"Баарына каршы" добуш алган округдарда үгүт иштери бүгүн башталды

"Баарына каршы" добуш алган округдарда үгүт иштери бүгүн башталды

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, 5-февралга карата Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды,деп жазат «Азаттык.

Маалыматка ылайык, жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди.

Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды. Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо "баарына каршы" деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...