• Башкы бет
  • Ош шаарында мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу максатында семинар уюштурулду
14:31, -ж., 7-февраль

Ош шаарында мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу максатында семинар уюштурулду

Ош шаарында мугалимдердин тажрыйбасын жогорулатуу максатында семинар уюштурулду

Ош билим берүү институтунда мектеп мугалимдерине окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо боюнча 4 күндүк семинар-тренинг жыйынтыкталды, деп жазат "Билим АКИпресс".

Маалыматка караганда, Аталган окуу КР президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы жана колдоосу менен уюштурулуп, ага Ош облусуна караштуу райондордун кыргыз тили жана адабияты, ошондой эле математика мугалимдери катышты.

Окуунун жүрүшүндө мугалимдер окуп-түшүнүүнүн жеңил ыкмаларын, аналогияны, математикалык маселелерди чыгаруунун түрдүү жолдорун, логикалык суроолор менен иштөөнүн усулдарын өздөштүрүштү. Муну менен катар ЖРТга окуучуларды даярдоодо боюнча тажрыйбалуу адистер тренерлик кылган бул окууда мугалимдер мектеп программасы менен ЖРТнын материалдарындагы өзгөчөлүктөрдү талдашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...