• Башкы бет
  • Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенде көчмө жыйын өткөрүштү
15:18, -ж., 5-февраль

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенде көчмө жыйын өткөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткенде көчмө жыйын өткөрүштү

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө.

Эки фракция бул чогулуштун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке токтом сунуштамай болду. Ага ылайык депутаттар аймакка инвестиция тартуу үчүн өкмөттүк кепилдикти кайра карап чыгуу, курулушу бүтпөй турган облустагы 33 социалдык объектини бүтүрүү, айланма жолдорду куруу менен Баткен, Исфана шаарларына жумасына бир жолу эмес, бир нече ирет учуучу рейстерди уюштуруу сунуштарын берүүнү макулдашты, деп жазат "Азаттык".

Анда маалыматк караганда, жыйында сөз сүйлөгөн президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев өткөн жылдагы куралдуу жаңжалда облус 1 млрд. 300 млн. сом зыянга учурап, тургундарга 140 жаңы үй курулганын, ишкерлерге кенемте төлөнгөнүн айтып, жакын арада дагы чек арадагы кагылышуудан жабыр тарткандарга 84 млн. сом төлөп берүү каралып жатканын билдирди.

Исфана менен Баткен шаарына азыркы тапта жумасына бир ирет аба каттамы бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...