• Башкы бет
  • Ошто билим берүү башкармалыгынын кызматкери каза болду
15:12, -ж., 5-февраль

Ошто билим берүү башкармалыгынын кызматкери каза болду

Ошто билим берүү башкармалыгынын кызматкери каза болду

2022-жылдын 3-февраль күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самидинова Дилбар Полотовна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Дилбар Самидинова 1965-жылы 9-майда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1982-жылы «Кызыл-Тоо» орто мектебин аяктап, ушул эле жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетине тапшырып, аны 1987-жылы аяктаган.

1987-жылдан 1988-жылга чейин БТИде инженер болуп иштеген.

1988-жылдан 2005-жылга чейин Ош шаарындагы балдардын чыгармачылык борборунда иштеп, 2003-жылы КРнын «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисине ээ болгон.

2005-жылдан бери Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жетектөөчү адис болуп эмгектенип келген.

Эмгек жолунда Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын ардак грамоталарына жана баалуу белектерине татыктуу болгон.

Артында 3 баласы калды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...