• Башкы бет
  • Улуттук Илимдер академия жыл жыйынтыгын чыгарды
14:48, -ж., 4-февраль

Улуттук Илимдер академия жыл жыйынтыгын чыгарды

Улуттук Илимдер академия жыл жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмү 2021-жыл үчүн илимий жана илимий уюштуруу ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары боюнча отчет берди. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президенти Мурат Жуматаев, Улуттук илимдер академиясынын жана Түштүк бөлүмүндөгү мүчөлөрү катышты.

Жыйында, Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрү тарабынан 2021-жылы аткарылган жумуштар, илимий уюштуруу ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилди. Ош облусунун башчысы, Улуттук илимдер академиясынын академиктери тарабынан жасалып жаткан жумуштарды колдоого алаарын белгилеп, кызматташууга даяр экенин айтты.

“Улуттук илимдер академиясы тарабынан жасалган изилдөөлөр биз үчүн абдан маанилүү. Биз бүгүн жыйында айтылып, 2021-жылы жасалган иштерди кагаз жүзүнөн иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Мага сиздер тараптан кандай гана сунуштар болболсун жардам берүүгө даярмын. ”,-деди Зиядин Жамалдинов

Ошондой эле, Зиядин Жамалдинов отчетто айтылган бир нече изилдөөлөрдү мисал келтирип, иш жүзүнө ашыруу сунушун берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...