• Башкы бет
  • Президенттин Ош облусундагы өкүлү жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алды
14:46, -ж., 4-февраль

Президенттин Ош облусундагы өкүлү жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алды

Президенттин Ош облусундагы өкүлү жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алды

Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Ош облусунун тургундары турак-жай, жер тилкеси, жеке маселелер, афган согушунун ардагерлеринин маселелери, социалдык маселелер материал жардам жана жер маселелери менен кайрылышты. Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү адистерге жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...