• Башкы бет
  • Муниципалдык аймактык башкармалыктар санариптешет
14:43, -ж., 4-февраль

Муниципалдык аймактык башкармалыктар санариптешет

Муниципалдык аймактык башкармалыктар санариптешет

Кечээ, 3-февралда Ош шаарындагы муниципалдык аймактык башкармалыктарды “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму менен интеграцияланган “Санарип аймак” тутумуна киргизүү максатында жыйын өткөрүлдү. Ага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, МАБ жетекчилери катышты.

"Санарип аймак" тутуму муниципалдык аймактык башкармалыктарга туташтырылып, жеке жактардын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө алуусуна өбөлгө түзөт. Андыктан бул багыттагы аракеттерди күчөтүү, иш алып баруу тапшырмасы коюлууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...