• Башкы бет
  • Ош шаарынын спорт комитети Андижан облусунун спорт комитети менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
14:38, 2022-ж., 4-февраль

Ош шаарынын спорт комитети Андижан облусунун спорт комитети менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Ош шаарынын спорт комитети Андижан облусунун спорт комитети менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Кечээ, 3-февралда Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети иш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарына барды. Иш сапардын алкагында Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгы менен кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Ага ылайык спорттун улуттук жана олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү, биргелешкен машыгууларды, мелдештерди жана турнирлерди өткөрүү, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спортчулардын тажрыйба алмашуусу багытындагы кызматташтыкты өркүндөтүү иш-чаралары пландаштырылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Андижан облусунун туризм жана спорт боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, Андижан облусунун акиминин орун басары Азизбек Максумов спортту өнүктүрүү үчүн эки тараптуу байланыштарды чыңдоо келишимине келишти. Ошондой эле бир катар спорттук объектилерин кыдырып чыгышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...